Түркия тарап Боинг кырсыгында жабыркагандарга компенсациянын экинчи бөлүгүн жакында которот

Түркия тарап Боинг кырсыгында жабыркагандарга компенсациянын экинчи бөлүгүн жакында которот. Маалыматты 31-мартта "Ата Мекен" фракциясынын жыйынында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Алмазбек Асанов билдирди.

Транспорт жана жол министринин орун басары Гүлмира Абдралиева Түркия тарап канча суммада компенсация төлөөрүн айта алган жок. Компенсациянын суммасын камсыздандыруучу компания аныктайт. Депутаты Эмил Токтошев фракция жыйынына министрлер өздөрү келбей орун басарларын жиберип койгонун сындап, кырдаал боюнча тийиштүү жооп алуу мүмкүн болбогонун айтты.

Фракциянын жыйынында 2017-жылдын 16-январында болгон авиакырсыктан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине түшкөн каражаттар жана алардын бөлүштүрүлүшү талкууланып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан