2017-жылдын 28-майында 19 айылдык жана 2 шаардык кеңешке депутаттарды шайлоо өтөрүн 31-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо үчүн 104 шайлоо тилкелери иштейт жана жалпы 431 депутат шайланат.
"Шайлоого 40 күн калганга чейин шаардык кеңештин, 30 күн калганга чейин айылдык кеңештин депутаттыгына талапкерлер көрсөтүлүп бүтүшү керек. Мурда өткөн шайлоолордогу кемчиликтерди, шайлоочулардын арызданууларын эске алып атайын план иштеп чыктык. Мурда шайлоочулар биометриялык өздүгүн бармак менен аныктай алышса, эми жүзү менен да аныктоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Ар бир шайлоочу өзүнүн өздүгү же кандайдыр бир өзгөрүүлөрү болсо алдын ала аймактык шайлоо тилкелерине кайрылуусу керек", - деди Шайлдабекова.
Ал белгилегендей, шайлоо процессин өткөрүү үчүн 2-3 айга адистер тартылат. Аларга айына 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин маяна төлөнөт.
"Телефон чалууларга жооп берүү борборлорун, документтерди даярдоо, комиссиянын мүчөсүнө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке тартууга аракеттенебиз. Алдыдагы шайлоону өткөрүү үчүн 26 миллион сом бөлүнөт. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош, Баткен облустарындагы айрым айыл өкмөттөрдө жана Ноокат, Көк-Жаңгак шаардык кеңештеринде өтөт. Шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди партиялар көрсөтөт, ал эми жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкерлер өз алдынча да көрсөтө алышат", - деди БШКнын төрайымы.