БШК 19 жергиликтүү кеңештин депутаттарын таратууну сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясы 19 кеңештин депутаттарын таратууну президентке сунуштоодо. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, 19 жергиликтүү кеңештин депутаттары айыл өкмөт башчыларын шайлай алышкан эмес.

"Буга байланыштуу биз бул кеңештерди таратып, алардын ордуна кайрадан шайлоо өткөрүү боюнча президентке кайрылдык. Эгер сунуш кабыл алынса, шайлоо 28-майда мөөнөтү бүткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо менен чогуу жүргүзүлөт. Мөөнөтүнөн мурда шайлоо Айдаркен, Кадамжай, Таш-Көмүр, Кара-Балта жана Кемин шаарларында өтүшү мүмкүн. Кечээ Жалал-Абад шаардык кеңешин таратуу боюнча депутаттар чечим кабыл алышкан эле, бирок биз расмий документтерди ала элекпиз", - деди Шайлдабекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан