Боинг кырсыгынан жабыркаган айылдын тургуну өкмөттүк комиссияга нааразы

Бүгүн, 31-мартта “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында Сокулук районуна караштуу Курулуш башкармалыгынын дачалары айылынын жашоочусу Абдырасул Аликов өкмөттүк комиссиянын ишине нааразычылык билдирди.

“Комиссиянын иши эмне болуп жатканы тууралуу маалымат алган эмеспиз. Бүгүн жыйында алар комиссиянын түзүмүн билбей турганын көрдүк. Бир дагы жыйын өткөрүлгөн эмес. Түркия компаниясын эл аралык сотко беребиз дегендер элди экиге бөлүп жатышат. Өкмөттөн бизге келишип өкмөттүк эмес уюмдарга, юристтерге кайрылбагыла, “маселени биз чечебиз” деп айтышкан. Бирок биз өкмөттүн ишине канааттанган жокпуз. Ушул кырсыктан саясат жасабагылачы”, - деди Аликов.

Активист Мавлян Аскарбеков: “Аталган айылдын тургундарынын укугун коргогон расмий кыймыл түзгөнбүз. Авиакырсык боюнча түзүлгөн өкмөттүк жана депутаттык комиссия менен жолугууну талап кылабыз. Өкмөттүк комиссиянын төрагасы Мухаммедкалый Абылгазиев эмгек өргүүдө жүргөнү өкүндүрөт. Ал жердегилер бөлүнүп-жарылып калды. Коӊшулар бири-бири менен сүйлөшпөй калды. Өкмөттүн аткарган иши ушулбу?” - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан