Президент Беларусь менен Кыргыз өлкөсүнүн кызматташуусу жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-мартта Беларусь Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Виктор Денисенкону анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Мамлекет башчысы Кыргыз жериндеги жемиштүү иши үчүн Элчиге ыраазычылык билдирди жана анын кыргыз-беларус достук мамилелеринин тереңдешине жана негизги чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүүгө кошкон жеке салымын белгиледи.

Президент Кыргыз өлкөсү жана Беларусь мамлекети Евразиялык экономикалык бирликке кошулгандан бери өлкөлөр ортосундагы мамилелер интеграциялык кызматташуунун жаңы деңгээлине көтөрүлгөнүн айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан