“Ишканалар студенттерди же бүтүрүүчүлөрдү жумушка албайт”, - деп бүгүн, 31-мартта парламентте бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊештин жыйынында соода өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Мусуралиев билдирди.
“Бул салыкка жана социалдык камсыздандырууга байланыштуу. Ишкана жаш адистин айлыгынын салыгын төлөшү керек. Жумушсуздуктун деңгээлинин жогорулашы, окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү социалдык жактан корголбошу ички жана сырткы миграцияга алып келет”, - деди ал.
Жыйында окуу келишими, тажрыйбадан өтүү, адистик даярдык жана аларды жүзөгө ашырууга өбөлгө болуучу механизмдерди камтыган "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү" мыйзам долбоору талкууланды. Бул мыйзам долбоорунда жаш кадрлардын адискөйлүгүн өнүктүрүү менен тажрыйбадан өтүү үчүн келген жаш адиске карата иш берүүчүнүн жоопкерчилигин жогорулатуу максатталган.
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жакшы долбоордун бири экенин айтты. Жыйынтыгында бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеӊешинин мүчөлөрү бул мыйзам долбоорго колдоо көрсөтсүн деген чечим кабыл алынды.