Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаковго айыбы угузулду

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Жогорку Кеӊештин депутаты Музаффар Исаковго айыбы угузулду. Бул тууралуу 31-мартта УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 13-февралында Башкы прокурор тарабынан депутаты Музафар Исаковго карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

"Исаков Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп турганда 315 мыйзамсыз токтом чыгарган. Ал 2010-2015-жылдар аралыгында райондук архитектура жана Мамлекеттик каттоо кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып 14,34 гектар айыл чарба багытындагы жерди жеке курулуш иштерин жүргүзүүгө берген", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Депутатка айыбы угузулуп, өлкөдөн эч жакка кептөөгө милдеттендирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан