Өлкөдө 2017-2021-жылдары тамак-аш өндүрүшүн өнүктүрүү программасы бекитилди

Кыргыз жеринде 2017-2021-жылдары тамак-аш жана кайра иштетүү өндүрүшүн өнүктүрүү программасы бекитилди. Тийиштүү токтомго премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун 1-апрелде өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Программа тамак-аш жана кайра иштетүү өндүрүшүн өнүктүрүү аркылуу өлкө жарандарын сапаттуу жана коопсуз азык-түлүктөр менен туруктуу камсыздоо максатын көздөйт. Анын алкагында өндүрүштү модернизациялоо, каржы маселелерин чечүү иштери жасалмакчы. Программаны ишке ашыруу милдети өлкөнүн Айыл чарба, тамак-аш өндүрүшү жана мелиорация министрлигинде. Тийиштүү министрлик, мекемелер, облустук администрациялар программа кандай ишке ашырылып жатканын айтып, 1 жылда эки жолу маалымат берип турары айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан