Сапар Исаков Казак элчиси менен Бишкекте өтчү ЕАЭБдин саммитине даярдыктарды талкуулады

Президенттик аппараттын жетекчиси Сапар Исаков 3-апрелде Казакстандын Кыргыз Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос Бозжигитов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Маалыматка караганда жолугушууда Евразиялык Экономикалык Биримдиктин алкагында эки тараптуу кызматташуу маселелери каралды. Мындан сырткары 13-14-апрель күндөрү Бишкек шаарында өтө турган ЕАЭБдин саммитине даярдыктары талкуулашты.

Казак элчиси Кыргыз Республикасынын Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны тууралуу жакшы пикирин билдирип иш-чара эл үчүн керек болгон нерсе экендигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан