2016-жылы Жогорку сотко 4 885 соттук иш түшкөн

2016-жылы Жогорку сотко 4 885 соттук иш түшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелде парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева билдирди.

Ал билдиргендей, 2015-жылы 5419 соттук иш түшкөн.

“Соттук иштин 1218и жазык иштер, 483ү экономикалык, 1064ү административдик, 94ү административдик укук бузуулар жөнүндө түшкөн. 2015-жылдагы маалыматка салыштырмалуу 9,8 пайызга соттук иш төмөн. Түшкөн иштердин ичинен мурунку жылга салыштырмалуу экономикалык иштер 20, 1 пайызга жана административдик иштер 19, 1 пайызга көп болгон. Жазык иштердин 28, 5 пайызга, жарандык 11, 8 пайызга, административдик укук бузуулар жөнүндө 22, 9 пайызга төмөн экени байкалды”, - деди ал.

Аталган комитетте Жогорку сот бир жылда аткарган иштери тууралуу маалымат берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан