“Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев башкы прокурордун отчётуна канааттандыралык эмес деп баа берсе эмне боло турганына кызыкты. Бул тууралуу депутат бүгүн, 4-апрелде Жогорку Кеңеште Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында сурады.
“Биз өкмөттүн, Башкы прокуратуранын аткарган ишин угуп келебиз. Канааттандырарлык эмес деп баа берсек, алардын кызматтан кетүүсү каралабы?” - деп комитеттин төрайымына суроо берди.
Комитеттин төрайымы КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова бул токтом долбоору Жогорку Кеңештин палатасына чыгарыла турганын айтты.
Жыйынтыгында комитет башкы прокуратуранын отчётун Жогорку Кеңештин палатасында кароону колдоду. Эске салсак, бүгүн аталган комитетте 2016-жылы Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу башкы прокурор отчёт берди.