Бүгүн, 5-апрелде парламентте "Бир бол" фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан өрттү өчүрүүчү техника алуу маселесин көтөрдү.
"Парламенттин Бюджет жана финасы комитети көп кабаттуу үйлөрдөн чыккан өрттү өчүрүүчү техниканы алуу боюнча чечим чыгарып берген. Чечим аткарылдыбы? Каржы министрлигине каяктан акча ала тургандыгы тууралуу булагын дагы көрсөтүп бердик эле", - деп өкмөт мүчөлөрүнө кайрылды.
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов бул боюнча Каржы министрлиги менен иш алып барып жаткандарын айтты. 2017-жылдын 2-кварталында карап чыгуу боюнча макулдашкандарын билдирди.
Депутат канча каражатка, канча техника сатып ала тургандарын сурады.
Каржы министрлигинин өкүлү 5 техника сатып алуу каралганын айтып, ал эми канча сумма кете турганын так айта албай турганын билдирди. Эл өкүлү өкмөттүн отчётунда бул боюнча тактап келүү тапшырмасын берди.
“Өрт коопсуздугу жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралды.