Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар акылдуу эсептегичти орнотуунун абалы жөнүндө токтом долбоорун кабыл алды.
Жыйында “Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы” ААКсынын энергетикалык компанияларында электр энергиясын коммерциялык эсепке алуунун автоматташтырылган тутумун киргизүүнүн абалы жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралды. Анда энергетика тармагын тейлеген компаниялардын маалыматы угулду.
Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынын директору Айбек Калиев акылдуу эсептегичтер 2012-жылдан орнотула баштап, ушу тапта алардын саны 15 миӊге жеткенин айтты. Акылдуу эсептегичтерди орнотуу техникалык жана комерциялык жоготуулардын кыйла кыскарышына жана кардарларга берилген электр кубатынын сапатын жакшыруусуна түрткү бергенин билдирди.
КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев акылдуу эсептегичтерге нааразы болгон жарандардан көп кайрылуулар келгендиктен бул маселе күн тартибине коюлгандыгын белгиледи.