Бакыт Төрөбаев: "Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду "акылдуу эсептегич" сатып алууга түзүлгөн эмес"

"Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду электр энергиясына "акылдуу эсептегичтерди" сатып алууга түзүлгөн эмес", - деп билдирди 6-апрелде Жогорку Кеңеште "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев.

Депутат фонд жетекчиси Кубанычбек Кулматовдун "акылдуу эсептегичтер" үчүн фонддон каражат бөлүү аракетин сындады.

"200 миң эсептегич сатып алууга акча бөлүп бергени жатат. Бул фонд эсептегич сатып алганга түзүлдү беле? Фонд түзүлүп жатканда саясатты туура жүргүзөт деп ишенип, колдогом. Бүгүнкү күндө жетекчиси саясатты жүргүзө албай калды. Силер экспортко багытталган экономиканы карагыла. Экспорт менен иштеп жаткан ишкерлер менен жолугуштум. Бизде лаборатория боюнча көйгөйлөр бар. Эгерде маселе тез арада чечилбесе, 12-августтан баштап өзүбүздө өндүрүлгөн азыктарды бир дагы өлкөгө жөнөтө албай калабыз. Фонд акчаны каякка жумшаганды билбей жатса, Ош-Бишкек жолун оңдосун", - дейт Төрөбаев.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан "акылдуу эсептегичтерди" сатып алууга каражат бөлүнгөнү жатканын буга чейин Күнсерепте да жазганбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан