Рыскелди Момбеков: "Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш ишинде кылмыштын изи да жок"

"Башкы прокуратуранын Тайырбек Сарпашевге козгогон кылмыш ишинде кылмыштын изи да жок", - деп бүгүн, 6-апрелде парламентте КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.

Депутат бул иш боюнча анын аты аталып кеткенин айтты.

"Тайырбек Сарпашев боюнча козголгон кылмыш иши боюнча мактоо, актоо үчүн эмес, тактоо үчүн айтып коёюн. Ошол убакта премьер-министр болуп турган Жантөрө Сатыбалдиев Сарпашевге тапшырма берген. Бул жерде кылмыш ишинде башка нерсени көрүп жатам. Менин атым аталгандан кийин мени күбө катары чакырышын талап кылам", - деди ал.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева кылмыш иши акыйкаттык үчүн козголо турганын айтты.

Айта кетсек, 31-мартта Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан