Башкы прокуратура: Өлкөдө кылмыштуулук азаюуда

2015-жылга салыштырмалуу 2016-жылы зордуктоо, өлтүрүү, каракчылык кылмыштары азайды. Маалыматты 6-апрелде парламентте башкы прокурор Индира Жолдубаева айтты.

Башкы прокурордун билдиришинче, былтыр балдарга карата 842 кылмыш жасалган. Анын ичинде 9 өлтүрүү, 33 зордуктоо фактысы. Былтыр 385 экономикалык кылмыш боюнча материалдар сотко жеткирилген. Бул мурунку жылдагыдан 25 пайызга көп экени айтылат маалыматта. Жолдубаева дээрлик бардык кылмыш түрлөрүнүн кыскарганы байкалып жатканын кошумчалап, буларды билдирди:

"Мисалы, өлтүрүү кылмышы 12,4 пайызга, зордуктоо 12,9 пайызга, карактоо 17 пайызга, бейбаштык 15 пайызга азайды. Бул кылмыштуулукка каршы күрөшүү чараларынын жакшырганынын белгиси. Биз муну шаар көчөлөрүнө жана имараттарга видеокамераларды орнотуунун пайдасы деп жатабыз"...

Парламентте 6-апрелде 2016-жыл боюнча Башкы прокуратуранын отчёту угулууда. Башкы прокурор Индира Жолдубаева жалпы маалымат берип, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан