Каныбек Иманалиев "белизгейт" боюнча жыйынтык жок болуп жатканын айтты

Бүгүн, 6-апрелде парламентте "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев "белизгейт" боюнча жыйынтык жок болуп жатканын айтты.

"Белизгейттин" башталганына 6 ай болду, бирок жыйынтык жок. Бул боюнча иш аягына чыкпаса кимдир бирөө жоопкерчилик алабы? Владимир Путин президент болордун астында бүт орусиялыктардын укугун ар-намысын коргойм деп айткан экен. Бизде болсо адамдын укугун, ар-намысын дагы тебелеген мамлекеттик органдар болуп жатат", - деди ал.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева бүгүнкү күндө расмий жооп келе элек экенин айтты.

Эске салсак, 2016-жылдын ноябрында президент Алмазбек Атамбаевге УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев "Белизден расмий кат келди, алар 3 адамдын "Мегакомго" байланыштуу кылмышы бардыгын көрсөтөт" деп документтер менен тааныштырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан