Депутат Кожобек Рыспаев: "Бүгүнкү күндүн оппозициясы мурда чоң кызматта иштегендер, партиясы шайлоодон өтпөй калгандар"

"Бүгүнкү күндүн оппозициясы мурда чоң кызматта иштегендер, партиясы шайлоодон өтпөй калгандар", - деп бүгүн, 6-апрелде парламентте КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев билдирди.

Ал эл оппозицияга ишенбей калганын айтты.

"Оппозициянын жүзүн карагыла мурда мүлктүн баарын саткандар, мурда чоң кызматта иштегендер. Эл ошолорго ишенеби? Алар тажап бүтүштү. Таза оппозиция болсо эл колдойт эле. Кыргыз эли 3-революцияны көтөрө албайт. Бакиевдин убагында ким сүйлөй алчу эле? Сүйлөгөндү атып, жоготуп же каматып баштаган. Бүгүнкү күнү баары сүйлөйт. Элге, журналисттерге эркиндик берип жатабыз. Сөз эркиндигине кысым көрсөтүлгөн жок. Сүйлөсүн, бирок жоопкерчилигин алсын. Журналисттер каалагандай каралап жазат. Мени да каралайт. Тастыктап, кемчиликти жазсын деп жатабыз. Милицияны болсо эл тепкилеп, уруп жатат. Эл тартипти сакташ керек. Бүгүнкү күнү милиция элден коркот", - деди ал.

Ошол эле учурда депутат Башкы прокуратура өзүнүн ишин аткарып жатканын кошумчалады.

"Тергөө амалдарына кийилигишкенге эч кимдин укугу жок. Себеби жашыруун нерселер болушу мүмкүн. Алдын ала ошону айткыла дегендер бар", - деп кошумчалады.

Бүгүн Жогорку Кеңеште башкы прокурор Индира Жолдубаева 2016-жылы аткарылган иштери тууралуу отчёт берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан