Транспорт жана жол министрлиги "кыйын шартка карабай жолдорду жамап жатабыз" дейт
Өлкөнүн Транспорт жана жол министрлиги 6-апрелде үстүбүздөгү жылдын март айында жамалган жолдордун тизмесин жарыялады.
Министрликке караштуу Жол чарба департаментинин Чүй облусундагы жол оӊдоо мекемелери 6 багыттагы жолдо оӊдоп-жамоо иштерин жасаган. Бишкек-Күн-Туу-Шопоков, Аламүдүн-Арашан-Кой-Таш, Бишкек-Торугарт жана башкалар. Министрлик "жамоо иштери туруксуз аба ырайына карабай жүргүзүлдү" деп маалымат таратты.
Кеп жолдордун кандай шартта жасалганында эмес, сапатында.
Жогорку Кеӊештин 6-апрелдеги жыйынында жол көйгөйү көп айтылды. Депутаттардын билдиришинче, жаӊыланып курулганына 1 жыл боло элек Бишкек-"Манас" аэропорту трассасы тешилип, айрым жерлеринен жарака кетти. Ал эми Бишкек-Кара-Балта трассасынын оор абалы 2 айдан бери парламентте айтылып келе жатат. Аталган трассанын Новопавловка, Военно-Антоновка айыл аймагындагы бөлүгү тешилип, азыркыга чейин жамалбай турат. Бул боюнча министрлик комментарий берген жок.