ЖЫЛНААМА, 10-АПРЕЛЬ: Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев арабызда болгондо 84 жашка толмок

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абсамат Масалиев көзү тирүү болгондо 84 жашка толмок. Ал 1933-жылы 10-апрелде азыркы Баткен облусунун Кадамжай районуна, мурдагы Ош облусунун Фрунзе районуна караштуу Алыш кыштагында туулган. Абсамат Масалиев 1953-жылы Кызыл-Кыя тоо-кен техникумун, үч жылдан соң Москвадагы Тоо-кен институтун, кийин эки жылдык жогорку партиялык мектепти бүтүргөн.

Тоо-кен инженери болуп иштеп, кийинчерээк коммунисттик партиянын жооптуу кызматына өткөн. "Кыргызкөмүр" трестинин участогунун башчысынын жардамчысы, көмүр кенинин башкы инженеринин орун басары, тресттин башкы инженеринин жардамчысы, партиянын Ош облустук комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүмүнүн инструктору, башчысы, Кыргыз мамлекетинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин өнөр жай жана транспорт бөлүм башчысынын орун басары, партиянын Таш-Көмүр шаардык комитетинин биринчи катчысы, партиянын Борбордук комитетинин өнөр жай жана транспорт боюнча бөлүм башчы, катчысы, Фрунзе шаардык комитетинин төрагасы, партиянын Ысык-Көл облустук комитетинин биринчи катчысы, Советтер Союузунун Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин инспектору, Кыргыз мамлекетинин Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы, ошол эле учурда Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы, Госгортехнадзорунун директору болуп иштеген. Абсамат Масалиев 1995-жылдан тартып КРнын Жогорку Кенешинин депутаты болгон.

1985-жылдан тартып Кыргыз мамлекетинин Коммунисттик партиясын жетектеген. Абсамат Масалиев 1930-жылдарда жазыксыз куугунтукталып, жөн жерден атылып кеткен көптөгөн мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин кайра акталышы үчүн чоң салымын кошкон. СССРдин Жогорку Советинин үч, Кыргыз ССР Жогорку Советинин беш жолку чакырылыштарынын депутаты болгон. Октябрь революциясы, эки Эмгек Кызыл-Туу, "Манас-II" ордендери жана медалдар менен сыйланган.
Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргыз өлкөсүндөгү Коммунисттер партиясынын жетекчиси Абсамат Масалиев 2004-жылдын 31-июлунда жүрөк оорусу кармап, 71 жашында дүйнөдөн кайткан.

10-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан