Мындан 307 жыл мурун, 1710-жылы 10-апрелде Англияда дүйнөдөгү биринчи автордук укук боюнча мыйзам иштей баштаган. Ал "Ханыша Аннанын уставы" деп аталган.
Аталган документке ылайык, жазуучу өзүнүн чыгармасын колдонуу укугун 14 жылга чейин сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Ал мөөнөт аяктаган соң укук кайра авторго берилип, ал аны башкаларга ушул мөөнөткө сата алган.
Мыйзам күчүнө киргенден кийин дүйнөдө китеп басып чыгаруунун саны өскөн.
Автордук укук - атуулдук укуктун бир бөлүгү, адабият, искусство, илим чыгармаларын, ойлоп табууларды түзүүгө жана пайдаланууга байланышкан укуктарды жана милдеттерди аныктоочу юридикалык эрежелер, нормалар жана мыйзамдар. Автордук укук жеке автордун кызыкчылыгы менен жалпы коомдун кызыкчылыгын коргоого байланышат, ал укукту бузуу сот тарабынан каралат.
10-апрелге карата жылнаама.