Депутат комитет жыйынына даярданбай келгени үчүн айыл чарба министринин орун басары кызматтан кетиши керектигин айтты

Бүгүн, 11-апрелде парламентте Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз-Польша өкмөттөрүнүн ортосундагы 2014-жылы насыя берүү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоор каралууда.

Анын жүрүшүндө “Бир бол” фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев кызматтан кетиши керек экенин айтты.

Министрдин орун басары Польшадан 25 жыл мөөнөткө жылына 0,15 пайыздык төлөм менен 40 миллион евро насыя алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын билдирди. Аскарбек Шадиев аталган акча которулганы тууралуу айтканда, Эркинбек Чодуев бул боюнча "Каржы министрлигинин өкүлдөрү бүгүнкү жыйынга келсе болмок" деди.

Депутат министрдин орун басары жыйынга даярданбай келгенин айтып, кызматтан кетиши керек экенине токтолду. Ошондой эле министр жыйындарга орун басарларын жөнөтпөй өзү келишин тапшырды. Депутаттар бул макулдашуу долбоорун кийинки жумада кароону сунушташты.

Эске салсак, кечээ, 10-апрелде Бюджет жана финансы боюнча комитетте бул долбоор колдоо тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан