Бүгүн, 11-апрелде парламентте Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы укук коргоо органдарынын системин реформалоону сунуштады.
Анда аталган кызматтын төрагасынын орун басары Турат Сагындыков укук коргоо органдарынын системалык реформасы төмөнкү милдеттерди чечүүгө тийиш экенин билдирди. "Ар бир укук коргоо органынын ролун, так стратегиялык милдеттерин, функцияларын чектөө жана зоналардын жоопкерчилигин аныктоо керек. Мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы негизги координациялык ишин күчөтүү долбоордун максаты. Коррупциянын түп-тамырынан берки себептерин жоюучу жана бизнестин жеке менчигин коргоого багытталган жана ишкерлердин, ошондой эле бүтүндөй коомдун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргогон укук коргоо органдарынын заманбап системасын куруу керек", - деди Сагындыков.