ЖЫЛНААМА, 14-АПРЕЛЬ: 6 жыл мурун Аида Салянова Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалган

Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылы 14-апрелде Аида Салянова Жогорку Кеңештин депутаттарынын макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору болуп дайындалган.

Аида Салянова Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. Ал 1972-жылы 6-августта Нарын шаарында төрөлгөн. 1991-жылы Фрунзе соода техникумун, 1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетин аяктаган. Юридикалык илимдердин кандидаты, доцент.
Эмгек жолун 1992-жылы Бишкек коммерциялык колледжинде окутуучулуктан баштаган. 1996-жылы Чүй университетинде сабак берип, 1997-жылы Жогорку Кеңеште эксперт катары иштеген. Андан кийин Жогорку Кеңеште бөлүм башчы, Адилет министрлигинде статс-катчы, 2010-жылы Адилет министри болуп эмгектенген. 2010-жылы президенттин Жогорку Кеңештеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеп, 2011-жылы 31-мартта КРнын Башкы прокурору Кубатбек Байболов кызматынан бошотулуп, ордуна башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп Аида Салянова дайындалган. Ал эми 2011-жылдын 14-апрелинен тартып КРнын Башкы прокурору кызматында иштеп келген. 2015-жылдын 19-январында анын отставкага кетүүгө арыз жазганы расмий жарыяланып, 21-январда Жогорку Кеңеш аны кызматтан бошотууга макулдук берген. Ал эми 2015-жылдын 22-январында президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен Аида Салянова ээлеген кызматынан бошотулган. 2015-жылдын 4-октябрынан тарта Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.
14-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан