Талас шаарында топ балдардын мушташына байланыштуу дагы үч жаран кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалгандар 1995-жылы туулган А.У., Ш.у.Ж. жана С.у.Ч. аттуу Талас шаарынын тургундары экени аныкталды.
Алар Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Эскерте кетсек, буга чейин топ балдардын бир жаранды темир жана жыгач таяктар менен сабап жатканы тартылган видео тараган. Буга байланыштуу милиция 8 адамды кармаган.
Талас облустук соту алардын бөгөт чарасын карап, алтоону 2, экөөнү 1 айга камады.
Кийинчерээк ИИМ маалыматты толуктап, жалпы 9 жаран кармалганын жана алардын бири милиция кызматкери экенин кошумчалады.