Якутияда 42 жаштагы кыргызстандык аял балдарына берилүүчү жөлөк пулду мыйзамсыз алганы үчүн соттолду. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда Якутск шаардык соту билдирди.
Маалыматка ылайык, аял өзүн жана 6 баласын Якутиядагы Табага айылында жашайт деп каттаткан. Бирок иш жүзүндө алар Кыргызстанда жашашкан.
Ал 2022-жылдан 2025-жылга чейин Орусиянын мамлекеттик кызматтар порталы (Госуслуги) аркылуу Якутиядагы Социалдык фонддун бөлүмүнө ай сайын жөлөк пул алуу үчүн арыз берип турган. Арыздарда Якутск шаарында жашай турганын көрсөтүп, жалган маалымат берген.
Натыйжада жалпы 4 миллион 986 миң 575 рубль 44 тыйын алган.
Сот аны күнөөлүү деп таап, 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты. Сыноо мөөнөтү да 3 жыл деп белгиленди. Мындан тышкары, ага тиешелүү органдарга белгиленип туруу, жашаган жана иштеген жерин кабарлабастан өзгөртпөө, ошондой эле келтирилген чыгымды ай сайын төлөп туруу милдеттери жүктөлдү.
Өкүм мыйзамдуу күчүнө кирди.