Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге сөгүш жарыяланды

Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевге сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 14-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Сөгүш премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен жарыяланды. Маалымат боюнча, буга мыйзам долбоорлорду кабыл алууда даярданып барбагандыгы жана өзүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы себеп болгон.

Эске салсак, Баккелди Түмөнбаев 2015-жылы 5-июнда экономика министринин орун басары болуп дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан