Өлкөдөгү жеке менчик телеканалдарга 2017-жылы президенттик шайлоо алдында үгүт иштерине катышууга тыюу салынбайт. Бул боюнча 17-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы расмий билдирүү таратты.
Анда БШК президенттик шайлоого даярдыктарды мыйзамдарга ылайык жүргүзөрү маалымдалат.
"Мыйзамда шайлоо алдындагы үгүт иштерине мамлекеттик жана жеке менчик телеканалдардын катышуусу жазылган. Андагы негизги талап бардык талапкерлерге жана саясий партияларга бирдей кароо. Жеке менчик же мамлекеттик экенине карабай талапкерлерге бирдей шартта эфирден убакыт бөлүшү керек", - деп айтылат маалыматта.
Айта кетсек, буга чейин БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева жеке менчик телеканалдарга шайлоо алдындагы үгүт иштерине тыюу салууну сунуштаган эле. Ал жеке менчик телеканалга эфирге чыгуунун кымбаттыгы "талапкерлерди каржылык жактан чектеп коюшу ыктымал" деген пикирин айткан.