Канайым Бактыгулова Кыргыз Республикасынын Кытайдагы жана Монголиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Канайым Бактыгулова Кыргыз Республикасынын Кытайдагы жана Монголиядагы Элчиси кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 17-апрелде билдирди.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгына ылайык, Азамат Үсөнов Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Үсөнов буга чейин консулдук мекемелерде иштеген. 2016-жылдын январынан бери Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары кызматында эле. Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун күйөө баласы деген маалыматтар айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан