КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев ГЭСтерде суунун көлөмү көп болуп жатса өкмөт электр энергияны экспорт кылгандын ордуна импорттоп жатканына нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйналышында билдирди.
“Былтыр суунун көлөмү көп болду, бирок биз электр энергияны импорттодук. Өзүбүздө жетиштүү болсо, эмнеге коңшу мамлекеттерден сатып алдык”, - деп суроо узатты.
Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев суунун көлөмү көп болорун билбестен жазында электр энергиясын импорттогонун айтты.
Кожобек Рыспаев: “Электр энергияны сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү азыртадан баштоо керек. Азыр бул иш менен алектенбесеңер кийин кыйын болуп калат”, - деди.
Мындан тышкары депутат Бишкек ЖЭБиндеги радиоактивдүү көмүргө байланыштуу өз сунушун берди. “Радиоактивдүү көмүр ташылып кеткен да жок, жагылган да жок, ошол бойдон турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уруксат берсе, анда аны сактап отурбай, жагып жоготуу керек, эгер адистер коркунучтуу эмес десе, анда аны пайдалануу зарыл”, - дейт ал.
Жыйынтыгында комитет айтылган сунуштарды эске алуу менен өкмөттүн 2016-жылдагы аткарган иштери боюнча отчётун “канааттандырарлык” деп тапты.