
Белгилүү орусиялык теннисчи
Мария Шарапова 30 жашка чыкты. Ал туулган күнүн үч күн мурда Голливуддагы белгилүү ресторандардын биринде досторунун курчоосунда белгилегендигин Инстаграм баракчасы аркылуу билдирген.
Мария Шарапова 1987-жылы 19-апрелде Сибирдин Нягань шаарында төрөлгөн. Теннис менен машыгууну төрт жарым жашында атасынын кол астында баштаган. Кызынын тенниске кызыкканын байкаган атасы атайын машыктыруучу
Юрий Юдкинге тапшырат. Юрий Юдкинде бир жылдай машыгып, теннистин сырларын билип калган Мария Шарапова алты жаш курагында Москва шаарында улуу теннисчи
Мартина Навратилова менен бирге теннис ойноого чыгат. Жаш өспүрүм кыздын жөндөмдүүлүгүн байкаган Мартина Навратилова атасы
Юрийге кызын тез арада Америкада жайгашкан
Ник Боллетьеринин теннис академиясына тапшыртуусун өтүнгөн. Кызынын теннистеги талантын өрчүтүүнү көздөгөн Юрий улуу спортчунун кеңеши менен Америкага кетүүнү чечкен. Америкага барууга Орусия теннис федерациясы чоң салымын кошкон. Мария Шарапова үчүн мыкты машыктыруучу издеп жүргөн атасы Юрий белгилүү
Пит Сампарс, Линдсей Девенпорт, Трейси Остин аттуу спортчуларды даярдаган тажрыйбалуу
Роберт Ленсдорпко токтолгон.

Мария Шарапова 2001-жылы профессионалдык тенниске өтүп, 2002-жылы үч титулдун ээси болгон соң өз күчүн чоң мелдештерде сыноого даярдана баштаган. Январь айында беттешүүлөр үчүн квалификациядан өтүп, февраль айында WTA'нын рейтинги боюнча 153-орунга ээ болот. Ушундай ийгиликтер коштоп жүргөн Мария Шарапова Бирмингемде болгон беттеште теннистин үч жылдыздарын кулаткан. Наталия Деши, Мари-Гаяне Микелян жана Елена Дементьеваларды жеңип, Уимблдон турниринин уюштуруучулары тарабынан чакыруу алган. Уимблдон турниринде ийгиликтүү ойногон Мария Шарапова он алты белгилүү теннисчи кыздардын катарына кошулат. Кийин WTA'нын эки ири мелдешин жеңип, рейтингден 32-орунга татыктуу болгон. Он алты жаштагы теннисчи аялдар теннис ассоцациясынын эң күчтүү жаңы оюнчусуна айланган. Ошондон баштап анын спорттук карьерасы өсүп-өнүгүп отуруп бир топ жеңиштерди багынткан.
2005-жылы Австралия чемпиондугунда жарым финалга чейин барып, жарым финалда Серена Уильямска утулуп (үчүнчү) коло медалдын жеңүүчүсү болуп, "Орусия Федерациясынын биринчи ракеткасы" деген наамга жетишкен. Орусиянын биринчи ракеткасы болгондон кийин Кремлдин кубогу үчүн ойногону Москва шаарына келет. Коомчулук менен журналисттердин бүйүрүн кызыткан теннисчиге маалымат жыйыны учурунда Шамиль Тарпишев "Орусия кубогун", "Орусиянын эң мыкты теннисчи кызы" жана "Орусия Федерациясынын эмгек сиңирген спорт чебери" наамдарын ыйгарат. Тилекке каршы, мурдагы оюндарда желкесинен алган жаракатына байланыштуу өз мекендештерин кызыктуу оюндар менен канааттандыра албай калат. Биринчи болгон атаандашы Янна-Лене Гренефельдти жеңип, экинчи оюнда каршылашы Динара Сафинага катарынан үч сетти (6 оюнду утуу 1 сетти утканга барабар) тең уттуруп жиберет. Жогоруда алган жаракатына байланыштуу күйөрмандары бир нече турнирлерди ансыз өткөрүшкөн. 2006-жылдын 10-сентябрында Мария Шарапова бүткүл күйөрмандарын кубантып "Чоң шлем" турниринин жеңүүчүсү болгон.

Ошентип Мария Шарапова укмуштуудай ийгиликтерди багындырып, теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген төрт мелдешин (Франциянын ачык чемпиондугу, Австралиянын ачык чемпиондугу, АКШнын ачык чемпиондугу жана Уимблдон мелдеши) бирден уткан, Айымдардын теннис ассоциациясынын жыл жыйынтыктоочу мелдешин жекеликте утуп алган (2004-жылы) жана "Лондон-2012" олимпиадасында күмүш медалга ээ болгон.
2016-жылы спортчунун карьерасында чоң бурулуш болгон. Башкача айтканда, допинг тесттин жыйынтыгында анын мельдоний препаратын
колдонгону аныкталган. Бул окуяга байланыштуу спортчу менен "Nike" компаниясы жана унаа чыгарып келген "Porsche" компаниясы келишимди
бузган. Бирок Мария Шарапова мельдоний эмне экенин билбей тургандыгын айткан. Мария Шарапова мельдоний колдонгону үчүн 15 айга спорттон четтетилгенден бери ушул жылдын апрель айында алгачкы ирет мелдешке катышары маалым
болгон.
Жеке жашоосу
Спортчу учурда бойдок. Ал акыркы жолу берген маектеринде жигити жок экенин, бирок көптөр менен жолугушууга чыгып жатканын билдирген.
Буга чейин Мария Шарапова "Maroon 5" тобунун солисти Адам Левин, баскетболчу Саша Вуячич, теннисчи Григор Димитровдор менен сүйүү мамилелерин курган.
19-апрелге карата жылнаама.