"Ата Мекендин" депутаттары мародёрчулукту иликтеген комиссиянын токтому Текебаевден өч алуу максатында болуп жатканын айтышты

Бүгүн, 19-апрелде парламентте "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары мародёрчулукту иликтеген комиссиянын токтому Өмүрбек Текебаевден өч алуу болуп жатканын айтышты.

Учурда мародёрчулукту иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча токтом каралып жатат.

Аталган фракциянын депутаты Каныбек Иманалиев токтомдо так маалымат жок экенин билдирди. "Бул күнү, бул жакта, бул мүлктү деген маалымат жок. Бул токтомду Абдулла Юсупов менен Анвар Артыков эле даярдап койгондой. Өмүрбек Текебаевге кылмыш иши козголгону эске алынсын депсиңер, элдин баарысы билет кылмыш иши козголгонун. Менин сунушум Текебаевден өч алам деген депутаттарды колго чаап, Текебаевге байланыштуу фамилияны алып салсын", - деди ал.

КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков Абдулла Юсуповду бир дагы жолу көрүп сүйлөшпөгөнүн билдирип, "Ата Мекен" партиясынын тааный турганын айтты.

Депутат Сайдулла Нышанов парламенттин деңгээли түшүп жатканын белгиледи. Жогорку Кеңештин трибунасы өч ала турган жер эмес экенин эскертти.

Ошондой эле депутат Садык Шер-Нияз токтомдон "Ата Мекен" партиясы деген жазууну алып салууну сунуштады.

Эске салсак, 13-апрелде Жогорку Кеӊеште 2010-жылы болгон мародёрчулук, банктык ячейкаларды талап-тоноо, “Альфа-Телеком” ЖАКын (Мегаком), “Бишкек мунайзат компаниясы”, “Дастан” ишканасы, “Азия Универсал Банк”, “Кыргыз көмүр” ишканасын улутташтырылган объектилерди сатууга тиешелүү жана “Кыргызтелекомдун” интернет-кызмат көрсөтүүлөрү үчүн тарифтерди негизсиз жогорулатуу келишимдерин иликтеген депутаттык комиссия отчёт берген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан