Депутаттарды кызматтык иш сапарлары боюнча отчётун жарыялоого милдеттендирүү демилгеси сунушталды

Жогорку Кеӊеште 19-апрелде депутаттарды өздөрүнүн кызматтык иш сапарлары боюнча отчётторун жарыялоого милдеттендирүү максатында иштелип чыккан мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Депутат Алтынай Өмүрбекова мыйзам долбоору күндөлүк тажрыйбадан улам жаралганын билдирди. "Жогорку Кеӊештин, анын депутаттарынын ишиндеги ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында, депутаттарды өздөрүнүн кызматтык иш сапарлары боюнча отчётун 7 күндүн аралыгында парламенттин сайтына жайгаштырууга милдеттендирүү зарыл. Ушундай талап туура болот, депутаттардын эмне иш жасаганын калк билсин. Мындай талап кагазда эле калып калбасын десек, мыйзамдын аткарылышын тармактык комитет көзөмөлгө алууга тийиш", - деди Өмүрбекова.

Наталья Никитенко, Алмамбет Шыкмаматов, Талант Мамытов баштаган бир топ депутаттар мыйзам долбоорун колдой тургандыктарын билдиришти.

Евгения Строкова, Дастан Жумабеков, Кожобек Рыспаевдер мыйзам долбооруна каршы болушту. Алардын пикиринде, парламенттин башка бийлик бутактарынан кыйла айырмасы бар.

Ал эми Альфия Самигуллина сунуш кылынып жаткан айрым тартип жоболорун мыйзам менен эмес, токтом аркылуу эле чечип койсо боло турганын белгиледи.

Депутат Төрөбай Зулпукаров мыйзам долбоорунда Конституциялык ченемдерге каршы жоболор камтылып калгандыктан, аны экинчи окуунун режимине кайтаруу зарылдыгын айтты. Жыйынтыгында экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан