Фарид Ниязов, ажонун кеӊешчиси: "Жогорку Кеӊеш президенттик шайлоону 19-ноябрга дайындоого милдеттүү"

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси Фарид Ниязов президенттик шайлоону 2017-жылдын 27-августунда өткөрүү боюнча "Ата Мекендин" аракетине комментарий берди. Ниязовдун пикирин 20-апрелде президенттик аппарат таратты.

Ниязов президенттик шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөрү мыйзамда так жазылып, бул Конституциялык мыйзамды Жогорку Кеӊеш 2011-жылы кабыл алганын, мыйзамдын демилгечилеринин бири - депутат Өмүрбек Текебаев болгонун, мыйзамга экс-президент Роза Отунбаева кол койгонун билдирди. Мыйзамга ылайык, Жогорку Кеӊеш президенттик шайлоону 19-ноябрга дайындоого милдеттүү экенин айтат.

"Өлкө жетекчиси Алмазбек Атамбаев Конституциялык мыйзамга түзөтүү киргизүү, шайлоо датасын мыйзамдарга ылайык аныктоо мүмкүнчүлүгү бар экенин бир нече жолу билдирген. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов тарабынан мыйзамга түзөтүү киргизүү жана президенттик шайлоону "октябрдын үчүнчү жекшембисине", тагыраагы, азыркы мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн 1 ай эрте дайындоо боюнча Жогорку Кеӊешке расмий сунуш киргизилген... Жалпыга белгилүү, шайлоо системин реформалоонун демилгечиси катары президент Алмазбек Атамбаев чыгууда. Жогорку Кеӊеш тарабынан аталган мыйзамга түзөтүү киргизилген жагдайда гана шайлоо датасын өзгөртүү боюнча сөз кылууга мүмкүн. Бирок азыр мыйзам иштеп жатат, президент жана бардык мамлекеттик органдар ага таянышы керек. Конституциянын 62-беренесинде "президенттик шайлоонун тартиби Конституциялык мыйзам менен аныкталат" деп баса белгиленген", - дейт Фарид Ниязов.

Шайлоону августка дайындоо сунушун "саясий провокация" деп баалады өлкө жетекчинин кеӊешчиси.

"Биринчиден, иштеп жаткан Конституциялык мыйзамдын демилгечилеринин бири Өмүрбек Текебаев болгон. Экинчиден, Конституциялык мыйзамды буга чейин өзгөртүүгө "Ата Мекенге" ким тоскоолдук кылды? Эч ким тоскоолдук жараткан эмес! Үчүнчүдөн, "Ата Мекендин" депутаттары, анын ичинде 2010-жылы Убактылуу өкмөттөгү Конституцияны даярдоого "жооптуулар" Кыргыз мамлекетинин саясий турмушуна кезектеги баш аламандыкты киргизүүнү каалаганына абдан окшошуп турат. Эл булардан пайдалуу бир нерсе угууну күтпөй деле калды", - дейт президенттин кеӊешчиси.

Фарид Ниязов дүйнөдө жаӊы шайланган президент же депутаттар кызматка киришкиче, иштеп жаткан президент же депутаттардын ыйгарым укуктарын сактап туруу тажрыйбасы бар экенин белгиледи. Мисал катары Орусияны айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан