Акыйкатчыны көз карандысыз, саясаттан тышкары кылууга багытталган мыйзам долбоору парламентте биринчи окууда кабыл алынды

Бүгүн, 20-апрелде парламентте "Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды. Долбоор кечээ Жогорку Кеңеште каралып, демилгечи депутат Алмамбет Шыкмаматов Акыйкатчы институту көз карандысыз, саясаттан тышкары болушу керек экенин айткан.

Депутат аталган институт адам укуктары менен гана иштеши зарылдыгын белгилеп: "Акыйкатчы 5 жылга шайланат. Жогорку Кеңешке бир жылда аткарган иши боюнча отчёт бербей, маалымат гана берүүсү мыйзам долбоорунда каралган", - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан