Парламентте ММК тууралуу мыйзам үчүнчү окууда жактырылды

Бүгүн, 20-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам үчүнчү окууда жактырылды. Жалпысынан 105 депутат каттоодон өтүп, 104 "макул", 1 "каршы" деп добуш берди.

Бул мыйзамды КСДП фракциясынын депутаттары Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов жана “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаттары Жыргалбек Турускулов, Табылды Тиллаев сунуштаган.

Эске салсак, мыйзамда алгач "чет өлкөдөн каржыланган медиага сырттан келген акча жалпы каржынын 20 пайыздан ашпоосу керек” деп чектөө киргизилген. Кийин "чет элдиктерге таандык үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек" деген бөлүк калтырылган. Ошондой эле демилгечилер телеканалдардын ээлери Кыргыз Республикасынын жарандары болууга тийиш экенин белгилешкен. Ал эми гезиттер менен радиолорго эч кандай тийиштиги жок экенин билдиришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан