Икрамжан Илмиянов президенттин кеңешчиси болуп дайындалды

Икрамжан Илмиянов коомдук башталыштагы Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-апрелде кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Айта кетсек, Жогорку Кеңешке депутат болуу кезеги келгенде Икрамжан Илмиянов КСДПдан парламент депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгуу боюнча арыз жазган. 23-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында анын арызы каралып, депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгарылган.

Икрамжан Илмиянов 1975-жылы 1-июлда Баткен облусунун Лейлек районунда туулган. Ал 2015-жылдын ноябрынан 2016-жылдын 27-октябрына чейин мамлекет башчынын кеңешчиси кызматын аркалап келген. Ага чейин президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп иштеген.

Мурун Алмазбек Атамбаевдин айдоочусу болуп иштеп, азыркы кызматтык деңгээлге жеткен Илмиянов президенттин жакын адамдарынын бири экени айтылып жүрөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан