Эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары рекорд койгон Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II (Елизавета Александра Мария) 91 жашка чыкты. Ал 1926-жылы 21-апрелде Лондондо туулган. Жаш кезинен конституция тарыхын, укук, искусство жана дин илимдерин өз алдынча окуп, аттарга жакын болгон. Елизавета II британ флотунун офицери Филипп Маунтбеттенге 21 жашында турмушка чыккан. Үлпөт тоюнан кийин Филипп Маунтбеттен "Эдинбург герцогу" титулун алган. Экөөнүн ортосунда Чарльз, Анна, Эндрю жана Эдвард аттуу 4 баласы бар.
1952-жылы Елизавета II 25 жашында такка отуруп, Бириккен Улуу Британия Падышалыгы, Түндүк Ирландия жана 15 мамлекеттин улутун бириктирген Шериктештиктин ханышасы аталган. Ханышанын таажы кийүү салтанатын телевизордон көрүү мүмкүнчүлүгү биринчи жолу түзүлгөн. 2015-жылы 9-сентябрда Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II эң узак мөөнөткө бийлик кылган монарх катары рекорд койгон. Буга чейинки рекорд Улуу Британияны 1837-1901-жылдары башкарган ханыша Викторияга таандык болгон. Бул тарыхый күндү Елизавета II кадимки иш күнү катары баалап, жолдошу менен темир жолдун расмий ачылышына катышкан.
21-апрелге карата жылнаама.