Камакта отурган депутат Өмүрбек Текебаевге акыркы айыбы угузулду. Бул тууралуу 21-апрелде УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Текебаевге жана экс-чиновник Дүйшөнкул Чотоновго Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) боюнча кылмыш кылгандыгы үчүн акыркы айыбы угузулганы айтылат.
Эскерте кетсек, 2017-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратурасы тарабынан "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге "коррупция" жана "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, ошол эле күнү УКМКнын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 26-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында Текебаев менен Чотонов камалган. 27-февралда Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту 25-апрелге чейин камакка алуу чечимин чыгарган.