Аида Салянова "тергөө бүттү, менин күнөөм боюнча бир да далил табышкан жок" деди

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова өзүнө ачылган кылмыш иши тергелип бүткөнүн билдирди. Бул тууралуу депутат 21-апрелде интернет аркылуу коомчулукка жарыя кылды.

"Төрт айдан ашык убакытта менин күнөөмдүн бир дагы далили табылган жок. Тескерисинче, чогулган материалдар менин кыймыл аракетим мыйзамга ылайык болгонун, Юстиция министрлигинин он жылдаган тажрыйбасында бул мыйзамдуу көрүнүш болуп келгенин тастыктады. Катардагы адистен баштап министрдин орун басарына чейин лицензияны жандандырууда мыйзам бузуу болгон эмес дегенине карабай, саясий буйрукту кынтыксыз аткарышууда", - дейт Салянова.

2016-жылдын декабрь айында депутат Аида Саляновага "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал "юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталууда. Тергөөнү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жүргүзүүдө.

Алексей Елисеев Максим Бакиевдин жакын адамы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан