Кыргыз жеринде айыл өкмөттөрдүн 84 пайызы дотацияда

Кыргыз Республикасындагы айыл өкмөттөрдүн 84 пайызы дотацияда (мамлекеттик казынадан кайтарымсыз каражат алууга муктаж). Маалыматты 24-апрелде парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айтты.

Бүгүнкү күндө мамлекетте 453 айыл өкмөт бар. Кен байлыктары бар же шаарларга жакын жайгашкан айылдар гана дотациядан чыгып, калгандары оор абалда калып жатканы айтылды. Айылдарды дотациядан чыгаруу үчүн айылдарга кайра иштетүүчү ишканаларды куруп, жумушчу орундарды түзүү зарылдыгын айтат чиновник.

"Жаңы иш орундарын түзсөк, элде киреше булактары пайда болмок. Айылдардын экономикасы начар экени баарыбызга белгилүү. Ошондой эле жергиликтүү ишкерлерге жеңилдетилген каражаттарды жеткиришибиз керек", - деди Абылгазиев.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы, Экономикалык жана фискалдык саясат комитеттери бүгүн өкмөттүн 2016-жылкы иши жөнүндө отчётун угууда. Комитеттин отурумуна вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү, өкмөттүк түзүмдөгү мекемелердин жетекчилери катышып жатышат. Өкмөттүн жылдык ишин буга чейин парламенттеги башкаруучу коалиция менен "Республика - Ата Журт" фракциясы "канааттандырарлык" деп тапса, "Ата Мекен" фракциясы "канааттандырарлык эмес" деп баалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан