Илимдер академиясы "сасык" деген сөзгө экспертиза жүргүзүүдөн баш тартты

Улуттук Илимдер академиясында президент Алмазбек Атамбаевдин "сасыган партия" деген сөзү боюнча филологиялык-саясий экспертиза жүргүзө турган адис табылган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Ата Мекен" партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аталган иш боюнча сот отуруму өтпөй калды. Юрист Илимдер академиясынан сотко кат келгенин айтты. Анда төмөнкүдөй текст жазылган:

"Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтундагы филологиялык-саясий экспертиза жүргүзгөн адистер Юстиция министрлигинин алдында ачылган "Соттук-лингвистикалык бөлүмгө" которулуп кетишкен. Ошондуктан филологиялык-саясий экспертиза жүргүзүүчү адис Институтта жок. Сиздерди Юстиция министрлигине кайрылууңуздарды сунуш кылабыз", - деп жазылат катта.

Буга байланыштуу "Ата Мекендин" юристтери кассациялык даттануу менен кайрылмакчы.

Айта кетсек, 27-мартта судья аталган экспертизада төмөндөгүдөй суроолор коюлсун деп чечим чыгарган:

1. 2017-жылдын 6-мартында президент Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу учурундагы кайрылуусунда доогерлер "Ата Мекен" партиясынын жана Өмүрбек Текебаевдин ар-намысына, абийирине, ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар барбы?

2. "Атамбаев, "Ата мекенден колуңду тарт!" деген лозунг көтөрүп алышыптыр митингде. Эй, биздин Ата Мекенибиз Кыргыз Республикасы. Ошол 7-апрелде курман болгон жигиттер сасыган партиялар үчүн өмүрүн берди дейсиңерби? Ата Мекенибиз үчүн берди. Эл ичинде партияларга эчак эле башка ат коюшкан, башчыңарга жараша" деген маалыматтарда доогерлер "Ата Мекен" партиясынын жана Өмүрбек Текебаевдин ар-намысына, абийирине, ишкердик беделине шек келтирген маалыматтар барбы?

Экспертизаны өткөрүү Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун эксперттерине, тилчи-филолог кызматкерлерине тапшырылсын. Экспертиза жүргүзүү бир айлык мөөнөттө каралсын.

Эске салсак, 6-март күнү өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземине катышкан. Анда өлкө башчы сөз сүйлөп жатып, парламенттеги айрым партияларга бир катар сындарды айткан. "Ата Мекен" партиясы Алмазбек Атамбаевдин "сасык партия", "мародёр" дегенин партияга карата айтылды деп, муну кемсинтүү жана мазактоо катары кабыл алган. Өлкө башчысынын айткан сөздөрүн төгүндөөсүн талап кылып, сотко кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан