Атамбаев менен Путин телефон аркылуу Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын перспективдүү маселелерин талкуулашты

Кыргыз өлкөсүнүн башчысы Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчылары Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын перспективдүү маселелерин талкуулашты. Мындан тышкары президенттер эки тараптуу өз ара аракеттешүүнүн жана Евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын алкагында иштешүүнүн эң актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан