Иса Өмүркулов өлкөдө төрөт үйлөрү боюнча чоң көйгөйлөр бар экенин айтты

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов өлкөдө төрөт үйлөрү боюнча чоң көйгөйлөр бар экенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 25-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйналышында билдирди. Өкмөт аталган комитеттин депутаттарына 2016-жылы аткарган иштери тууралуу отчёт берүүдө.

Өмүркулов белгилегендей, өлкөнүн бир топ алыскы айылдарында төрөт үйлөр жоюлуп кеткен. Ошондон улам ымыркайлардын, энелердин өлүмү болуп жатканын айтты. Депутат бул маселени чечүүгө акча каражат аябаш керек экенин эскертти. Ал 10 миң калкы бар айылдарда төрөт үйлөрү жок болуп жатканына нааразычылыгын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан