"Коопсуз шаар" долбоорун өкмөт соттук териштирүүдөн кийин карайт

"Коопсуз шаар" долбоору соттук териштирүүлөр бүткөндөн кийин көзөмөлгө алынат. Бул тууралуу 27-апрелде парламентте премьер-министр Сооронбай Жээнбеков билдирди. Бирок долбоорду ишке ашыруунун болжолдуу убактысы айтылган жок.

"Соттук териштирүү бүткөндөн кийин каралат" деген жооп көптөн бери айтылып келе жатат. 2016-жылдын 1-июнунда Жогорку Кеӊештин депутаттары долбоор качан ишке ашырыларын ошол кездеги ички иштер министри Кашкар Жунушалиевден сурашкан. Жунушалиев да бүгүнкү премьер Жээнбеков айткан жоопту узатып: "Аталган долбоор боюнча соттун токтому чыгары күтүлүүдө, андан соӊ долбоорду ишке ашырам", - деген.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" долбоорун ишке киргизүү аракети 2012-жылы башталган. Долбоор боюнча 2 жолу тендер өтүп, 2 жолу теӊ "тендер мыйзам бузуулар менен өттү" деп документке ошол кездеги ички иштер министрлери кол коюудан баш тартышкан. Бүгүнкү күндө соттук иштер уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан