Депутаттар Токтогул ГЭСинде суу мол экенине карабай өлкө электр энергиясын сатып алганына нааразы

Депутаттар Токтогул ГЭСинде суу жетиштүү экенине карабай өлкө электр энергиясын сатып алганына нааразы. 27-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кожобек Рыспаев бул жагдайды премьер-министр Сооронбай Жээнбековдон тактады. Жээнбеков былтыркы жылдын башында электр энергиясы импорттолгонун айтты. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" дегендей, кыш мезгилинде ГЭСте суу аз болот дегенбиз", - деди премьер.

Депутат Бишкек-Кара-Балта трассасын жаӊылап куруу Бишкек менен Сокулуктун чек арасынан башталары айтылып, эми башка жерден башталганы жатканын айтты.

Транспорт жана жол министри Жамшитбек Калилов Бишкек-Кара-Балта жолун куруу иши башталганын билдирип, жаӊылана турган жолдун кыскарып кетиши акчанын тартыштыгына байланыштуу экенин кошумчалады.

Парламентте өкмөт 2016-жылы аткарган иши тууралуу отчёт берип жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан