Бүгүн, 28-апрелде оппозициянын өкүлдөрүнүн жыйынында Элдик курултай институтун Конституцияга киргизүүнү сунушташууда. Бул иш-чарага саясатчы Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров, Эмилбек Каптагаев жана башка оппозиция өкүлдөрү катышууда.
“Жаңы муун” кыймылынын мүчөсү Айбек Мырза билдиргендей, Баш мыйзамга Элдик курултай институтун киргизип, Жогорку Кеңештин депутаттары, президент жыл сайын отчёт берип туруусу каралган. Эгерде институттун жалпы делегаттары отчётту “канааттандырарлык эмес” деп тапса президент отставкага кетип, Жогорку Кеңеш таркатылат. Элдик курултай институтунун түзүмү шайлоонун жол-жоболору менен аныкталат.