Алмазбек Атамбаев Өзгөндөгү жер көчкү боюнча министрден маалымат алды

Президент Алмазбек Атамбаев 2-майда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, Өзгөндүн Аюу айылындагы кырсык тууралуу маалымат алды.

Боронов көчкү алдында калгандарды издөө, айыл жашоочуларын башка аймакка көчүрүү, аларга убактылуу баш калкалоочу жай берүү аракеттери жөнүндө айтып бергенин президенттик аппарттан кабарлашты.

"Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын жакындарына дагы бир ирет тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтты. Кырсыктан зыян тарткандардын баарына жардам берүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан чара көрүлүшү зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчысы болуп өткөн табигый кырсык Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын алуу ишин күчөтүүсү керектигин көрсөтүп жатканын да айтты. Жергиликтүү бийлик органдары кооптуу тилкелерде жашагандарды башка жерге жайгаштыруу ыкмалары, алардын коопсуздугун камсыздоо маселесин кайра карап чыгышы керектигин билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин президент Алмазбек Атамбаев аталган жер көчкү кырсыгы боюнча видеокайрылуу жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан