Elektromed Elektronik ишканасы "Алмазбек Атамбаевге 35 миллион доллар төлөп бергенбиз" дейт

Түркиядагы Elektromed Elektronik ишканасы 2003-жылы Алмазбек Атамбаевге 35 миллион доллар төлөп бергенин өзүнүн басма сөз кызматы аркылуу билдирди.

Ишкананын билдирүүсүндө айрым жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жалган маалыматтар тарап жатканы айтылууда. "Кыргыз жарандарын кабардар кылгыбыз келет: 2003-жылы биз Алмазбек Атамбаевге "Gülcanlar Elektrik Elektronik Ltd.Şti." ишканасынын 90 пайыз (50 миллиард түрк лирасы) акциялары үчүн 35 миллион доллар төлөп бергенбиз. 2006-жылдан тарта ишкана "Elektromed Elektronik" деген жаңы аталышы менен иштей баштаган", - деп айтылат билдирүүдө.

Айта кетсек, активист Эдил Байсалов 25-апрелдеги маалымат жыйынында аталган эки компания бири-бирине байланышы жок, таптакыр эки башка ишкана экенин, президент коомчулукту алдап жатканын айтууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан