Парламентте бүгүн, 3-майда Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубанычбек Кулматов менен КСДП фракциясынын депутаты Эльвира Сурабалдиева кайым айтышты.
Депутат “Брид” канаттуулар фабрикасы насыя алганын эскертип, фонд ишкерлерге колдоо көрсөткөндүн ордуна “банкрот” кылып жатканын айтты.
Кубанычбек Кулматовдун айтымында, аталган фабрика чоң көлөмдөгү насыяны алып төлөп жатканда бир жыл аралыгында көйгөйлөр болгон эмес. Андан кийин негизги сумманы пайыздык төлөм менен төлөбөй турганын айтышкан. Кулматов белгилегендей, алар дагы насыя берүүнү талап кылышып, ошондо төлөй турганын билдирген.
Ошол учурда Эльвира Сурабалдиева саясатчылар чоң көлөмдөгү насыя алганда эмнеге көйгөй жаралбай турганын сурады.
Кулматов фонд тарабынан насыя берүүдө эреже бузуулар болбогонун билдирди. Ошондой эле бир дагы саясатчы насыя албаганын кошумчалады.
Жогорку Кеңеште "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, фондго айыл чарба багытындагы жерлерди күрөөгө алуу боюнча уруксат берүү сунушталды.